Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:28

Казакстанда айдоочулар митингге чыгышты


Айдоочулардын нааразылык ациясы. Алматы, 31-январь, 2020-жыл
Айдоочулардын нааразылык ациясы. Алматы, 31-январь, 2020-жыл

31-январда Казакстандын Алматы, Нур-Султан жана Чымкент шаарларында айдоочулар митингге чыгышты. Алар чет элдик номерлүү автоунааларды каттоо шарттарын жеңилдетүүнү бийликтен талап кылышты. Алардын айтымында, автоунааны каттоодон өткөрүү үчүн эле бир миллион тенге (180 миң сом) төлөш керек.

14-январда Ички иштер министрлиги “Арменияга, Кыргызстанга жана Орусияга караштуу номерлери бар машинелер Казакстандын аймагына киргенде атайын мыйзамга ылайык катталышы керек экенин” маалымдаган. Ал эми бир жылдан ашуун убакыт каттоодон өтпөй жүрө бергендердин автоунаалары өлкөдөн чыгарыларын билдирген. Мындан соң Казакстандын бир катар облустарында айдоочулар нааразылыгын билдирип чыгышкан. Алар четтен сатып алган машиненин баасына караганда аны каттоо төлөмдөрү кымбатка турарын айтышууда.

Президент Касым-Жомарт Токаев өкмөттү чет элдик номерлери бар миңдеген автоунаа ээлерине бир жыл убакыт берүүгө, ага чейин убактылуу каттап турууга чакырган. Бирок айдоочулар буга макул болушкан жок.

XS
SM
MD
LG