Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:01

ИИМге караштуу аскер бөлүгүндө жоокер өз жанын кыйды


Жоокердин асылып турган сөөгү 30-январда Ички иштер министрлигине караштуу Бишкектеги №702 аскер бөлүгүндө табылган. Маркум 20 жашта болчу. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен (ИИМ) кабарлашты.

Учурда бул факт Аскер прокуратурасында иликтенип жатат. Мындан сырткары ИИМдин ички иликтөө кызматы да териштирүү жүргүзүүдө.

Кыргызстандагы укук коргоо уюмдары армияда адам укуктары сакталбайт деп сындап келишет. Укук коргоочулар армияда аскерлер арасында чоңсунуу, зомбулук, уруп-сабоо көп экенин белгилешүүдө. (TSh)

XS
SM
MD
LG