Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:07

AI Орусиянын адамдын жүзүн таануучу системаны кеңейтүү планын сынга алды


Адамдын жүзүн таануучу системанын концепциясы
Адамдын жүзүн таануучу системанын концепциясы

"Amnesty International" эл аралык уюму Орусиянын адамдын жүзүн таануучу системаны кеңейтүү планын сындады. Лондондо жайгашкан укук коргоочу уюмдун ырастоосунда, камераларды коомдук акциялар маалында орнотуу андай иш-чаралардын катышуучуларына "сөзсүз терс таасирин тийгизет". Москва шаарынын соту андай технологияларды тынч акцияларды басууга колдонууга каршы доо арызды караганы жатат.

31-январдагы билдирүүдө "Amnesty International" уюмунун Орусия боюнча жетекчиси Наталия Звягина адамдын жүзүн таануучу камералар “табиятынан эле жарандардын купуялуулугуна шек келтирерин” белгиледи.

Соңку жылдары Орусия адамдын жүзүн тааныган технологияларды жигердүү өнүктүрүүгө киришти. Кремлдин сынчылары жана укук коргоочу активисттер бийлик жарандык коомдун, президент Владимир Путиндин саясатына макул эместердин добушун басууга аракет көрүүдө дешет.

XS
SM
MD
LG