Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:41

Санкт-Петербургда спорттук-концерттик комплекстин чатыры урап түштү


Cпорттук-концерттик комплекстин чатыры урагандан кийин. Санкт-Петербург, 31-январь, 2020-жыл
Cпорттук-концерттик комплекстин чатыры урагандан кийин. Санкт-Петербург, 31-январь, 2020-жыл

Санкт-Петербургда спорттук-концерттик комплекстин чатыры урап түшүп, бир жумушчу каза тапты. Демонтаж маалында чатыр күтүлбөстөн ураганы видеолордо көрүнүп турат.

"Фонтанка" сайтынын жазганына караганда, өлгөн адам Петрозаводсктун 29 жаштагы тургуну болушу мүмкүн. Маалыматка караганда, ал атайын тросту тагынбай иштеп жаткан.

ТАСС «жабыркагандар» тууралуу маалымдап, бирок канча киши экенин тактаган эмес.

Жаңы аренанын курулушунун инвестору "СКА-Арена" компаниясынын директору Игорь Забиран чатырды кулатуу демонтаждын бир бөлүгү болгонун айтты. Анын ырасташынча, тартип коргоочулар учурда коопсуздук эрежелери канчалык сакталганын текшеришүүдө.

«Петербургский» спорттук-концерттик комплекси 1979-жылы курулган. Мурда Владимир Ленин атындагы болчу. Айрым адистер имаратты маданий мурастар тизмесине киргизүүнү сунуш кылышкан.

XS
SM
MD
LG