Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:09

Коррупция тууралуу айтып чыккан Алановдун арызын атайын тергөө тобу иликтейт


Талгат Аланов.
Талгат Аланов.

Мамлекеттик чек ара кызматынын подполковниги Талгат Алановдун арызын иликтөө үчүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) кызматкерлери кошулган тергөө тобу түзүлөт. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Алановдун арызын кароо создуктурулуп жаткандыктан Ош гарнизондук Аскер прокуратурасы, Коопсуздук кеңешинин катчылыгы сотко чейинки өндүрүштү көзөмөлгө алып, ал берген материалдар Аскер прокуратурасына жөнөтүлдү.

Мындан тышкары, 30-январда Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев Талгат Алановду кабыл алды.

2019-жылдын 27-ноябрында Мамлекеттик чек ара кызматынын офицери Талгат Аланов журналисттерге өзү иштеген мекемедеги мыйзамсыз иштер тууралуу маалымдаган. Анда Аланов «Достук» чек ара көзөмөл-өткөрмө бекетиндеги акча топтоо фактыларын мисал келтирген. Ал ошондой эле Мамлекеттик чек ара кызматынын башында тургандар кошуна мамлекеттер менен чектеш аймактардагы көзөмөл-өткөрмө бекеттеринде иштеген кызматкерлерден «үлүш» алып турарын, түзүмдүн ичинде жазылбаган мыйзамдар бар экенин айтып, кызмат орундары акчага сатыларын да айткан.

Чек ара кызматынын Ош облусу боюнча башкармалыгынын штаб башчысы Адылбек Сейдалиев Алановдун сөздөрүн четке каккан.

Кийинчерээк Мамлекеттик чек ара кызматы Алановдун өзүн айыптап, офицер 2005-жылдан бери жетекчиликтин уруксатын албастан 300 ирет Кыргызстандан сыртка чыкканын билдирип, материал Аскер прокуратурасына өткөрүлгөнүн жарыялаган. (BTo)

XS
SM
MD
LG