Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:34

Башкы прокуратура Алмаматовду бошоткон судьяларга чара көрүүнү сунуштады


Насирбек Алмаматов.
Насирбек Алмаматов.

Башкы прокуратура коррупцияга айыпталып соттолгон, Мамлекеттик каттоо кызматынын мурдагы бөлүм башчысы Насирбек Алмаматовду бошотуп жиберген судьяларга чара көрүүнү өтүнүп, Соттор кеңешине караштуу Тартип комиссиясына кайрылды. Бул тууралуу аталган комиссиянын басма сөз катчысы Назира Сагыналиева 1-февралда «Азаттыкка» комментарий берип жатып айтты.

- 29-январда Бишкек шаардык сотунун үч судьясына тартип чарасын колдонуу боюнча Башкы прокуратурадан сунуштама келген. Алмаматовдун ишин караган судьяларга чара көрүү боюнча 2019-жылдын аягында koom.kg институту да сунуш берген. Бир эле иш боюнча эки арыз түшсө Тартип комиссиясы аны чогуу караганга укугу бар. Ошондуктан прокуратуранын материалдарын иликтеп чыгыш үчүн убакыт талап кылынгандыктан судьялардын иши 7-февралдагы жыйында каралат, - деди Сагыналиева.

Алмаматов коррупция үчүн шектүү катары 2018-жылдын 2-ноябрында кармалган. Октябрь райондук соту 2019-жылы 25-мартта аны 12,5 жылга эркинен ажыраткан. Бишкек шаардык соту кийин өкүмдү жокко чыгарып, ага 3 миллион 300 миң сом айыппул салуу менен эркиндикке коё бергени белгилүү болгон.

Алмаматовдун ишин Бишкек шаардык сотунун кылмыш иштерин кароо боюнча соттук коллегиясынын судьялары Адис Момуналиев, Алмаз Карабеков жана Нурлан Кожомбердиев караган. Октябрь райондук прокуратурасы Алмаматовго карата шаардык соттун чечимине каршы кассациялык арыз менен кайрылып Жогорку сот Октябрь райондук сотунун өкүмүн күчүндө калтырган. Бул чечимден кийин Алмаматовго издөө жарыяланган.

Президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин акыркы жыйынында Насирбек Алмаматовдун эркиндикке чыгып, андан ары качып кеткенин сындаган жана «буга судьялар менен прокурорлор аралашкан» деп Жогорку соттун төрагасы менен башкы прокурорду тилдеген.

Коопсуздук кеңешинин жыйынынан кийин шаардык сотто Алмаматовдун иши каралып жатканда мамлекеттик айыптоо тараптан катышкан прокурор Белек Рыскулов кызматтан алынды. (BTo)

XS
SM
MD
LG