Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
бейшемби, 20-февраль, 2020 Бишкек убактысы 03:29

Чуу жараткан судьялар


Жалал-Абад шаардык сотунун судьясы Элмира Сулайманова (артты карап турган ак кийимчен) жана Бишкек шаардык сотунун судьясы Адис Момуналиев.

Жыл башында эле ишиндеги кемчиликтери үчүн жана коомдогу сын пикирлерден улам бир судья кызматтан кетип, дагы бирин жумуштан алуу боюнча сунуш президенттин кароосунда турат.

Ал ортодо Тартип комиссиясы Кара-Көл шаардык сотунун судьясын кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча прокуратуранын сунушун колдоду. Ал эми 12,5 жылга соттолгон Насирбек Алмаматовду бошотуп жиберген судьялар коомчулуктун сынына кабылып, бул маселени президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин жыйынында көтөрдү. Ушундан кийин гана Алмаматовдун иши каралган сотко катышкан прокурор кызматтан алынды.

Байкоочулар иши чуу жараткан судьялар бийлик айтып келаткан сот реформасына көлөкө түшүргөнүн жана сотторду көзөмөлдөө боюнча мурдагы бийликтин тушунда түзүлгөн схема дагы эле иштеп жатканын айтышууда.

Коомдун көңүлүн бурган судьялар

17-январда президент Сооронбай Жээнбеков баңгизатка байланыштуу өзгөчө оор кылмыш үчүн айыпталган адамды бошотуп жиберген Ош шаардык сотунун судьясы Айнура Сулайманованы кызматтан алды. Соттор кеңешине караштуу Тартип комиссиясы Сулайманованын ишин былтыр 12-декабрда карап чыгып, президентке аны мөөнөтүнөн мурда кызматтан кетирүүнү сунуш кылган.

Ал жумуштан алынардан бир жума мурун Ошто зордуктоо жана ээнбаштык үчүн шек саналып жаткан, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү Умар Маратовду үй камагына коё берген жана бул окуя коомчулуктун катуу сынына кабылды. Президент Жээнбеков Сулайманованы кызматтан алуу боюнча жарлыкка ушул окуяларга тушташ кол койду.

Буга оро-пара эле Тартип комиссиясы 27-январда президентке Жалал-Абадда мас болуп машине айдады деп шек саналып жаткан Жалал-Абад шаардык сотунун судьясы Элмира Сулайманованы кызматынан алуу жөнүндө сунушун жөнөттү. Өлкө башчы азырынча чечим кабыл ала элек. Тартип комиссиясынын мүчөсү Канат Турганбеков Сулайманованын иши тууралуу комментарий берди.

- Ал соттордун этикасын бузуп, мас абалында машине айдаган. Айдоочулук күбөлүгүн үйүнө калтырып койгон жана дагы бирөөнүн машинесин сүзүп алган. Соттордун этикасы боюнча судьялар бардык жерде таза жүрүшү керек. Ал бул этиканы бузганы үчүн биз аны жумуштан алууну колдодук, - деди Турганбеков.

Милициянын маалыматы боюнча, былтыр 30-декабрга караган түнү судья Элмира Сулайманова автоунааны жанында документтери жок, мас абалында айдап баратканы аныкталган. Натыйжада машинеси токтотмого коюлуп, айып салынган.

Бул эки окуянын чуусу бүтүп-бүтө электе Соттор кеңешине караштуу Тартип комиссиясы прокуратурага Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарынын судьясын кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берди. Ал былтыр 30-декабрда 20 миң сом пара менен кармалганы кабарланды.

Алмаматовдун иши, президенттин сыны

Президент Сооронбай Жээнбеков 24-январда Насирбек Алмаматовдун мисалында соттор менен прокуратуранын ишин сындады. Өлкө башчы көз көрүнөө пара алып жатканы аныкталып 12,5 жылга соттолгон Алмаматовду бошоткон судьяга жана аны эркиндикке чыгарууну сураган прокурорго эмнеге чара көрүлбөй жатканына кызыкты. Ошондой эле «буга судьялар менен прокурорлор аралашкан» деп Жогорку соттун төрагасы менен башкы прокурорду тилдеди.

Коопсуздук кеңешинин жыйынынан кийин шаардык сотто Мамлекеттик каттоо кызматынын мурдагы бөлүм башчысы Насирбек Алмаматовдун иши каралып жатканда мамлекеттик айыптоо тараптан катышкан прокурор Белек Рыскулов кызматтан алынды.

Президентке караштуу Соттук реформа боюнча кеңештин мүчөсү, депутат Тынчтыкбек Шайназаров Кыргызстанда президент маселе көтөрмөйүнчө иш алдыга жылбай жатканын айтат. Ушундан улам депутат коомчулукта сын-доомат көп экенин белгилеп, Алмаматов боюнча сот чечими тууралуу мындай деди:

Тынчтыкбек Шайназаров.
Тынчтыкбек Шайназаров.

- Судья акчанын күчү менен же анын артында турган кайсы бир адамдын көрсөтмөсү менен ушундай чечим чыгарды деп ойлойм. Себеби бул иште Алмаматовдун пара алганы 100% көрүнүп турганына карабастан судья ага айып салып эле бошотуп жиберди.

Алмаматовдун ишин Бишкек шаардык сотунун кылмыш иштерин кароо боюнча соттук коллегиясынын судьялары Адис Момуналиев, Алмаз Карабеков жана Нурлан Кожомбердиев караган. Шаардык соттун судьясы Момуналиев кабыл алынган чечим тууралуу телефон аркылуу жооп берүүдөн баш тарткан.

Сөз болуп жаткан судьяларга чара көрүүнү суранып Тартип комиссиясына Коомдук талдоо институту кайрылганы белгилүү болду. Бул тууралуу «Азаттыкка» аталган комиссиянын басма сөз катчысы Назира Сагыналиева билдирди:

- Бишкек шаардык сотунун жогоруда сөз болгон үч судьясын тартип жазасына тартуу боюнча Башкы прокуратурадан сунуштама келе элек. Эгерде сунуштама келсе ал мыйзам чегинде каралат. Андан тышкары соттук жыйындарга талдоо жүргүзгөн Коомдук талдоо институту бул иш боюнча Тартип комиссиясына кайрылган. Ал каралгандан кийин расмий маалымат беребиз.

Насирбек Алмаматов.
Насирбек Алмаматов.

Милиция болсо Насирбек Алмаматовдү издөө боюнча Интерполго өтүнүч жөнөттү. Ал буга чейин КМШ өлкөлөрүндө изделип жаткан.

Бишкектин Октябрь райондук соту былтыр 25-мартта коорупциялык схема түзгөн деген айып менен Алмаматовду 12,5 жылга эркинен ажыраткан. Бишкек шаардык соту кийин өкүмдү жокко чыгарып, ага 3 миллион 300 миң сом айып салуу менен эркиндикке коё бергени белгилүү болгон.

Жогорку соттун 2019-жылдын 30-октябрдагы токтому менен ага карата Бишкек шаардык соту 2019-жылдын 9-июлунда чыгарган өкүм жокко чыгарылып, Октябрь райондук сотунун 25-мартта жарыялаган өкүмү күчүндө калган.

«Эски схема иштеп жатат»

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Каныбек Осмоналиев сотторго байланыштуу акыркы окуялар сотторду көзөмөлдөө боюнча мурдагы бийликтин тушунда түзүлгөн схема дагы эле иштеп жатканын далилдейт деген пикирде.

Каныбек Осмоналиев.
Каныбек Осмоналиев.

- Ошол эле президенттин аппаратында, өкмөттүн аппаратында азыр да Манас Арабаевге окшоп сотторго буйрук берип тургандар толтура, - деди ал. - Андайлар Жогорку сотто, ар бир укук коргоо органында бар. Эч нерсе өзгөргөн жок. Болгону кызыкчылыктар гана алмашты. Мына, жыл башында эле судьялар катышкан канча чуулуу окуялар болду? Жакында эле өткөн Коопсуздук кеңеши максатына жеткен жок. Ошол жыйында Жогорку соттун төрагасын баш кылып эле жумуштан алыш керек болчу, - деди Осмоналиев.

Соттор кеңешине караштуу Тартип комиссиясына 2019-жылы судьяларга каршы 863 арыз түшкөн. Анын ичинен Тартип комиссиясы 456сын артка кайтарып, 167 арыз боюнча сотторду тартиптик жазага тартуудан баш тарткан.

32 судьяга алдын ала эскертүү, 11ине эскертүү берилген. Беш судьяга сөгүш жарыяланып, эки судьяны мөөнөтүнөн мурда кызматтан алууга, ал эми үч сотту кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат берген. Сотторго каршы дагы 135 арыз каралып жатат.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (21)

XS
SM
MD
LG