Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:23

Кытайдан Кыргызстанга 196 киши келди


«Манас» эл аралык аэропорту. Иллюстрациялык сүрөт.
«Манас» эл аралык аэропорту. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги тараткан маалыматка караганда, 28-январдан 1-февралга чейин Кытайдан Кыргызстанга 196 киши келди. Анын ичинен 182си Кыргызстандын, 13ү Кытайдын жана бирөө башка мамлекеттин жараны. Алардын баары термосканер менен тиешелүү медициналык кароодон өтүп, коронавирус аныкталган эмес.

Мекеме Кыргызстанда коронавирусту жугузуп алган адамдар каттала элек экенин кошумчалады. Азыркы тапта Кытайдан келгендердин ичинен Сокулук районунун ооруканасында үч, Беш-Күңгөй айылындагы госпиталда төрт киши дарыгерлердин көзөмөлүндө турат. Жетөөнүн тең абалы канааттандырарлык. Калган 189 киши Кыргызстандын аймагына коронавирустун киришинин алдын алуу боюнча республикалык штабдын чечими менен үйлөрүнө чыгарылды.

Саламаттык сактоо министрлиги Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматына таянып, 1-февралга карата коронавирусту жугузуп алгандардын саны 9826 адамга жеткенин анын ичинин 9720сы Кытайда экенин билдирди. Ал эми бул вирустан өлгөндөрдүн саны 213 кишиге жеткени айтылды. Кытайдан сырткары 19 өлкөдө коронавирустун 106дан көп учуру катталды.

Бирок айрым маалыматтарда өпкөнүн сезгенишине алып келчү жаңы коронавирустан 259 адам өлүп, вирусту жугузгандардын саны 11 791 кишиге жеткени айтылууда. (BTo)

XS
SM
MD
LG