Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:55

Бишкекке Ухандан 18 кыргызстандык жеткирилди


«Манас» эл аралык аэропорту. Иллюстрациялык сүрөт.
«Манас» эл аралык аэропорту. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстан 2-февралда Кытайдын Ухань шаарындагы 18 жаранын алып келди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, алар Бишкекке казак тараптын жардамы аркасында атайын борт менен Нур-Султан шаары аркылуу жеткирилди.

Алардын ден соолугу аэропорттон текшерилип, Бишкектин четиндеги ооруканага жаткырылды. Ухандан алынып келгендер карантинде болуп турат. Бул убакыт аралыгында алар менен дарыгерлер гана иштешет.

Соңку маалыматтарга караганда, Кытайда өпкөнүн сезгенишине алып келчү жаңы коронавирустан 304 адам өлүп, вирусту жугузгандардын саны 15 миң кишиге чамалады.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму 1-февралда билдирүү таратып, бардык мамлекеттерди жер-жерлерде коронавирустун жайылышына даяр болууга чакырган.

Акыркы эки күндө Орусияда, Улуу Британияда жана Швецияда вирусту жугузган адамдар катталды. Коронавирустун жайылышынын алдын алыш үчүн АКШ жана Австралия соңку эки аптада Кытайда болгон адамдардын өлкөгө киришине убактылуу тыюу салды. (BTo)

XS
SM
MD
LG