Кыргыз либерал-демократиялык партиясынын (КЛДП) теңтөрагасы, Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев учурдагы парламент бийликтен кандай гана буйрук түшпөсүн аткарып, элге каршы мыйзамдарды да кабыл алып жатканын айтты. Бул тууралуу ал 2-февралда КЛДПнын бет ачарында сүйлөп жатып билдирди.
Депутат өзү мүчө болгон партия шайлоо мыйзамдарын түп-тамырынан бери өзгөртүп, Жогорку Кеңеш менен жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын сапатын жакшыртууну максат кылып жатканын кошумчалады.
- Биз жергиликтүү кеңештерге шайлоого катышабыз. Андан кийин парламенттик шайлоого чыгабыз. 2023-жылы арабыздан президенттик шайлоого да талапкер алып чыгабыз, - деди Акаев.
Саясий майданга жаңыдан кошулуп жаткан КЛДПнын курамында депутат Жанарбек Акаев, талдоочу Сейтек Качкынбай жана экономика министринин мурдагы орун басары Элдар Абакиров баштаган жаш саясатчылар бар.
Саясат талдоочулар шайлоо жакындаган сайын жаңы партиялар түзүлүп, саясатчылар биригип жатканын белгилешүүдө. Жакында эле Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын айрым депутаттары «Биримдик» партиясы менен шайлоого барары да айтылган. (BTo)