Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
ишемби, 22-февраль, 2020 Бишкек убактысы 21:45

КЛДП шайлоо босогосун төмөндөтүүнү талап кылат


КЛДПнын жыйыны.

Кыргыз либерал-демократиялык партиясы (КЛДП) парламенттик шайлоодогу 9 пайыздык босогону азайтууну бийликтен талап кылат. Бул тууралуу партиянын теңтөрагасы Сейтек Качкынбай маалымдады. Ал КЛДПнын бет ачарында бул талап партиянын алдыдагы негизги иштеринин бири экенин белгиледи:

- 9% чек бул өтө чоң. Бул 180 миңдей добуш экен. Эгер 170 миңдей добуш алып калсаң, 10 миңдей добуш жетпей калса, 180 миң кишинин добушу талаада калабы? Муну өзгөртүүнү талап кылабыз.

Партия шайлоо мыйзамдарын түп-тамырынан бери өзгөртүп, Жогорку Кеңеш менен жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын сапатын жакшыртууну максат кылып жатат.

Саясий майданга жаңыдан кошулуп жаткан КЛДПнын курамында депутат Жанарбек Акаев, талдоочу Сейтек Качкынбай жана экономика министринин мурдагы орун басары Элдар Абакиров баштаган жаш саясатчылар бар.

Буга чейин Кыргызстанда партиялардын Жогорку Кеңешке өтүү чегин 9 пайыздан 7, 5, 3 пайызга чейин түшүрүү сунуш кылынган.

Кыргызстанда Жогорку Кеңешке улам кийинки чакырылыш шайланган сайын парламентке өтүүнүн босого чеги да көтөрүлүп баратат. 2010-жылы ал беш пайыз болсо, 2015-жылы өткөн парламенттик шайлоодо жети пайызга көтөрүлгөн.

Депутаттар Жогорку Кеңешке партиялардын өтүү чегин жетиден тогуз пайызга көтөргөн мыйзам долбоорун 2017-жылы кабыл алып, ага ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаев кол койгон. Бул мыйзам 2020-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет. (TSh)

Пикирлерди көрүңүз (24)

XS
SM
MD
LG