Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:09

Кыргызстан коронавирусту аныктоочу реагенттерди алат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев 3-февраль күнү жугуштуу жаңы вирустун алдын алыш үчүн түзүлгөн штабдын жыйынында билдирди. Министрдин айтымында, коронавирусту бир нече саат ичинде аныктоочу реагенттер Орусиядан жана Кытайдан алынып келет.

Штабдын жыйынын премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өткөрдү. Өкмөт башчы илдетке каршы жана өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга көзөмөлдү күчөтүүнү, анын алдын алууга багытталган иш-чараларды толук аткарууну тапшырды. Ал ошондой эле чек аралардагы көзөмөл бекеттериндеги текшерүүлөрдү да күчөтүп, айрымдардын бул кырдаалдан өз кызыкчылыгына пайдаланып кетишине бөгөт коюуга чакырды.

Жыйында айтылган маалыматтарга караганда, Кыргызстанда өпкөнү сезгенткен коркунучтуу оорунун белгилери бар адамдар каттала элек.

Расмий маалыматтар боюнча, 28-январдан 3-февралга чейин Кыргызстанга Кытайдан 224 киши келген. Анын 24ү Кытай жарандары, бирөө башка өлкөнүн жараны, калганы кыргызстандыктар. Учурда Сокулук районундагы аймактык ооруканада үч адам, Беш-Күңгөйдөгү аскер госпиталында 22 адам толук инкубациялык мөөнөт өтүп бүткөнчө дарыгерлердин көзөмөлүндө турушат.

Оорудан Кытайдын өзүндө 300дөн ашуун адам өлүм, 17 миңге жакын киши жуктуруп алганы аныкталды. (ZKo)

XS
SM
MD
LG