Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:44

Аба ырайы: Көпчүлүк аймактарда кар жаайт


4-февралда түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында кар жаайт. Күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында, тоолуу райондордо жана Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда кар жаайт.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -3…+2, күндүз 2…7;
Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -26…-31, күндүз -13…-18;
Талас өрөөнүндө түнкүсүн -1…-6, күндүз 1…6;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -2…+3, күндүз 3…8;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -4…-9, күндүз 0…5
Нарын облусунда түнкүсүн -20…-25, күндүз -8…-13;
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -26…-3, күндүз -13…-18 градус суук болот.

4-февралда Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -1°…+1°, күндүз 5…7° жылуу болот.

XS
SM
MD
LG