Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:51

Чыңгыз Айдарбеков менен Майк Помпео жолугушту


АКШнын мамкатчысы Борбор Азия өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлери менен. Ташкен. 3-февраль, 2020-жыл.
АКШнын мамкатчысы Борбор Азия өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлери менен. Ташкен. 3-февраль, 2020-жыл.

Кыргызстандын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков менен АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео 3-февралда Ташкенде жолугушту. Эки тараптуу жолугушууда Кыргызстан менен АКШнын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү жолдору, анын ичинде АКШнын кыргызстандыктарга киргизген визалык чектөөсүн жокко чыгаруу боюнча биргелешкен кадамдар талкууланды.

"Американын чечими кыргыз жарандарынын кызыкчылыгын түздөн-түз козгоп жатканын министр дагы бир ирет баса белгиледи. Бул багытта тыгыз өз ара аракеттенүүнү күчөтүү жана түзүлгөн абалды чечүүнүн жолдорун издөө жөнүндө сүйлөшүү болду" деп маалымдады Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы.

Маалыматта айтылгандай, АКШ мамкатчысы визалык чектөө боюнча өкүнүчүн жана бул маселенин тегерегиндеги абалды чечүүгө даярдыгын билдирген. Ошондой эле тараптар бул маселе боюнча укук коргоо органдарынын деңгээлинде өз ара аракеттенүүсүн активдештирүү зарылдыгын белгиледи. Мындан тышкары Майк Помпео бул маселенин АКШ өкмөтүнүн тиешелүү стандарттарына байланышкан объективдүү техникалык жактарына көңүл бурду.

"Тараптар эки жана көп тараптуу форматтардагы кыргыз-америка мамилелеринин бардык комплексин өнүктүрүү маанилүү болгонун белгилешти" деп айтылат маалыматта.

АКШнын мамкатчысы 3-февралда Ташкенде «С5+1» форматында Борбор Азиянын тышкы иштер министрлери менен жолугушту. Анда аймактык соода, чек ара коопсуздугу, суу-энергетика тармагында кызматташуу маселелери талкууланды. (ZKo)

XS
SM
MD
LG