Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
ишемби, 22-февраль, 2020 Бишкек убактысы 00:36

Текебаев: КСДП менен «Республиканын» электораты бизге оойт (видео)


Өмүрбек Текебаев.

Саясатчы Өмүрбек Текебаев шайлоодо Кыргызстан социал-демократиялык партиясы (КСДП) менен «Республика» партиясынын колдоочулары «Ата Мекенге» оойт деп эсептейт. Текебаев «Азаттыктын» 2х1 программасында суроолорго жооп берип жатып, жогорудагы пикирин мындайча негиздеди:

- Эгерде КСДПнын, «Республиканын» бүгүнкү абалын эске алсак, ошол эки партиянын электораты бизге оойт го деген негиздүү жоромол бар. Анткени КСДП бүгүнкү бийликке канааттанбай турат. Бабановду бүгүнкү бийлик кордоп-зордоп шайын оодарды. Алардын электораты кимге барат? Кеп ошондо. Бабановдун электоратын билбейм, бирок КСДП менен «Ата Мекен» партиясынын электораты бир болгон.

Текебаев «Ата Мекен» партиясы алдыдагы парламенттик шайлоого катышарын кошумчалады.

«Азаттыктын» 2х1 программасында Өмүрбек Текебаев өзүнө карата соттук териштирүү, «Ата Мекендин» ички иштери, партиялык шайлоо системасынын, азыркы мамлекеттик башкаруунун күңгөй-тескейи тууралуу ой бөлүштү. Ал ошондой эле каржылык кирешелери, коррупцияга каршы күрөштүн жүрүшү жана Кыргызстандын геосаясий абалы тууралуу суроолорго жооп берди. (TSh)

Пикирлерди көрүңүз (23)

XS
SM
MD
LG