«Ислам мамлекети» террористтик тобу Лондондун түштүгүндөгү жөн-жай тургундарга бычак шилтеген 20 жаштагы Судеш Амман өз мүчөсү экенин билдирип, кол салуу үчүн жоопкерчиликти алды.
2-февралда Британиянын баш калаасынын Стритхэм районунда жанкечтинин курун тагынган адам көчөдөгү адамдарга бычак менен кол салып, үч адам жабыркаган. Окуя болгон жерге келген полиция кылмышкерди атып өлтүргөн.
Судеш Амман 2018-жылы террордук аракеттерге байланыштуу кесилип, жакында эле түрмөдөн чыкканы маалым болду. Ал мөөнөтүнөн мурда эркиндикке чыкканына байланыштуу кол салган маалда да полициянын көзөмөлүндө болгон. Кийинчерээк кылмышкер тагынган жанкечтинин куру жасалма болгону аныкталды.
Коопсуздук кызматы окуяны террордук акт катары мүнөздөп, анын ашынган исламчылар менен байланыштары болгонун билдирген.