Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июль, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:32

Равшан Жээнбековдун бөгөт чарасы түнкү саат 1де каралды


Равшан Жээнбеков.
Равшан Жээнбеков.

3-февраль күнү кечинде мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин камактагы тарапташтарынын бөгөт чарасы каралды. Бишкектин Биринчи май райондук соту Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Равшан Жээнбековдун бөгөт чарасын 4-февраль, түнкү саат 1де карап, аны 9-апрелге чейин камакта калтырды. Бул тууралуу анын жактоочусу Замир Жоошев маалымдады.

Ага чейин президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Фарид Ниязовдун, экс-депутат Мээрбек Мискенбаевдин, Атамбаевдин жансакчысы Канат Сагымбаевдин жана Атамбаевди колдогон Фархат Баабиев менен Рыспек Карыпбек уулунун бөгөт чарасы каралып, алар да 9-апрелге чейин камакта калтырылганы кабарланган. Ал эми парламент депутаты Асел Кодуранованын үй камагындагы мөөнөтү эки айга узартылды.

Атамбаевдин тарапташтары алардын бөгөт чарасы түнгө чейин каралып жатканына нааразылыгын билдиришти.

2019-жылдын 7-8-августунда күч түзүмдөрү Чүйдүн Кой-Таш айылында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясын жүргүзгөн. Анда бир офицер курман болуп, жалпы жонунан 225 адам жабыркаган. Кой-Таштагы окуяларга байланыштуу 39 факт боюнча сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат. Анын алкагында мурдагы президент Алмазбек Атамбаев жана анын бир катар тарапкерлери камакка алынган. (TSh)

XS
SM
MD
LG