Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:33

Кой-Таш окуясы боюнча айыпталгандар басымга кабылганын билдиришүүдө


Кой-Таш. 8-август, 2019-жыл.
Кой-Таш. 8-август, 2019-жыл.

Учурда тергөө абагында кармалып турушкан Равшан Жээнбековдун, Канат Сагынбаевдин, Мээрбек Мискенбаевдин, Фаркат Баабиевдин, Карыпбек уулу Рысбектин жана Фарид Ниязовдун коомчулукка кайрылуусу 4-февралда жарыяланды. Алар бийлик, сот жана укук коргоо органдарынан болуп көрбөгөндөй кысым көрүп жатышканын билдиришкен.

Кайрылууда «Кой-Таш окуясына байланыштуу жасалма кылмыш иши боюнча жоопко тартылып жаткан саясатчыларга, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташтарына кысым болуп жатат. Бийликке көз каранды өкмөттүк комиссия бийликтин кызыкчылыгына жооп берген, УКМКнын, ИИМдин башчыларын жана башкы прокурорду актаган, ал эми мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди жана анын тарапташтарын каралаган чечим чыгарууда» деп жазылган.

Мындан тышкары ИИМ жүргүзүп жаткан тергөө бир тараптуу, бурмаланып, жалган көрсөтмөлөр менен коштолуп жатканы айтылган. Кайрылуу ээлери соттор жабык, түн ичинде өткөрүлүп жатканын да бийликтин атайын жасалып жаткан басымы деп эсептешет. «Биз, саясий туткундар, бардык жарандар сыяктуу биздин сотторубуздун күндүз жана журналисттердин, жарандык коомдун өкүлдөрүнүн катышуусу менен өтүшүн талап кылабыз. Ак экенибизди ачык соттор аркылуу далилдейбиз» деп билдиришкен.

Кайрылууга кол койгондор былтыр августта Кой-Таш айылында «массалык башаламандык уюштурган», «бийликти басып алууга аракеттенген» деген жана башка негиздер боюнча айыпталып, камакка алынышкан. (ZKo)

XS
SM
MD
LG