Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:38

Аксыда 25 жаштагы келин үч эм төрөдү


Үч эм төрөлгөн төрөткана. 4-февраль, 2020-жыл.
Үч эм төрөлгөн төрөткана. 4-февраль, 2020-жыл.

Райондун Ак-Суу айыл аймагынын Аксай айылынын 25 жаштагы тургуну Алтынкыз Таалайбек кызы 3-февралда үч эм төрөдү. Бул тууралуу «Азаттыкка» район акиминин орун басары Дамира Абдылдаева билдирди.

«Үч эм Таш-Көмүр шаардык ооруканасынын төрөт бөлүмүндө төрөлдү. 1550, 1800 жана 1900 грамм салмактагы ымыркайлардын үчөө тең кыз. Эненин да, наристелердин да абалы жакшы. Бул үй-бүлө буга чейин бир уулду, бир кызды тарбиялап жаткан», - деди Абдылдаева.

Кыздарга Айкөл, Көйкөл, Сайкал деген ысымдар коюлду. Жергиликтүү бийлик үч эмди куттуктап, алардын үй-бүлөсүнө 50 миң сомдук акчалай жардам көрсөттү. Былтыркы жылдын ноябрь айында да Аксы районунун Кош-Дөбө айылында үч эм төрөлгөн.

Статистикалык маалыматтарга ылайык, Жалал-Абад облусунун аймагында былтыркы жылы 30 миңге чукул ымыркай төрөлгөн. Алардын 283 түгөй эгиз балдар болсо, бир үч эм бар. (RsK)

XS
SM
MD
LG