Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:52

Шадиевдин кызына катталган мүлктү сот камактан чыгарганы кабарланды


Аскарбек Шадиев.
Аскарбек Шадиев.

Эки жыл мурун кылмыш иши козголгон соң өлкөдөн чыгып кетип, кийин 10 жылга сыртынан кесилген мурдагы вице-премьер Аскарбек Шадиевдин мүлкү кайрадан талкууга түштү. Бул ирет анын жакындарына катталган мүлктү Бишкектин Биринчи май райондук соту камактан чыгарганын жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыгышты. Андагы маалыматка ылайык, саясатчынын кызына катталган бир нече мүлктү төмөнкү инстанциядагы сот камактан чыгарган.

Бул маалыматты Биринчи май райондук соту тактаган жок. Анын өкүлдөрү «Азаттыктын» өтүнүчүн азырынча жоопсуз калтырышты.

Ал эми Бишкек шаардык соту Шадиевдин жакындарына катталган мүлктү камактан чыгаруу боюнча үч иш анын карамагына келип түшкөнүн ырастады. Шаардык соттун басма сөз катчысы Айсулуу Жаасынованын айтымында, Шадиевдердин үй-бүлөсүнө таандык айрым мүлк объектилерин камактан чыгарган райондук соттун чечимине каршы прокуратура арыз менен кайрылган.

«Биздин соттун өндүрүшүндө үч иш бар экен. Үчөө тең мүлк иштерине байланыштуу болууда. Бул иштерге Башкы прокуратуранын сунуштамасы себеп болуптур», - деди ал.

Жаасынованын айтымында, бул иштер шаардык сотто 11, 18 жана 20-февралда каралат.

Шаардык соттун өкүлү райондук сот камактан чыгарган кайсы мүлк объектилери экенин ачык айткан жок. Мүлктүн тизмеси арызды сотто кароо маалында жарыяланышы керек.

«Бир Бол» партиясынын парламенттеги депутаты Аскарбек Шадиевге Башкы прокуратура алгач «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси менен кылмыш ишин козгогон. Буга КМШнын Парламент аралык ассамблеясынын Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыгына 2017-жылы Жогорку Кеңештин эсебинен бөлүнгөн 30 миң доллардын уурдалганы себеп болгон.

Андан соң Шадиев качып кеткени, АКШда жүргөнү кабарланып, мурдагы Кылмыш-жаза кодексинин «Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү» беренесинде каралган белгилер боюнча иш козголгон. Шадиевге жана анын үй-бүлөсүнө таандык бир канча мүлкү камакка алынган. Бул кылмыш иши боюнча Бишкектин Биринчи май райондук соту саясатчыны сыртынан 10 жылга эркинен ажыраткан.

Мындан тышкары, ага «Кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу же адалдоо» беренеси боюнча да айып коюлган.

Былтыр Аскарбек Шадиевдин кызы «Карвэн Четыре Сезона» эс алуу жайындагы өзүнө таандык үлүштү камактан чыгаруу боюнча сотко арызданып, Бишкек шаардык соту аны четке каккан болчу. (BkA/ZKo)

XS
SM
MD
LG