Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:50

Жолдубаева менен Карамушкинанын бөгөт чарасы узартылды


Кой-Таш. 8-август, 2019-жыл.
Кой-Таш. 8-август, 2019-жыл.

Биринчи май райондук соту 4-февралда Кундуз Жолдубаева менен Ирина Карамушкинанын бөгөт чарасын карап, аларды 9-апрелге чейин үй камагында калтырууну чечти. Бул тууралуу Жолдубаеванын адвокаты Бакыт Автандил уулу «Азаттыкка» билдирди:

«Айыптоочу тарап кылмыштын оордугуна байланыштуу деген жүйө менен буларды үй камагында калтырууну суранды. Бирок укуктук жактан алганда кылмыштын кандай гана оордугу болбосун, тергөө учурунда ал жарандын бөгөт чарасын тандоого негиз болуп бере албайт. Үй камагы да адамдын эркин жүрүү укугун чектейт. Процессуалдык кодексте сөзсүз эле адамдын бөгөт чарасы чектелсин деген норма жок».

Кундуз Жолдубаева менен Ирина Карамушкина Кой-Таш окуяларында «Бийликти күч менен басып алууга аракет кылуу», «Калайман башаламандык уюштуруу», «Барымтага алуу» беренелери боюнча айыпталууда.

Кундуз Жолдубаева Кой-Таш окуясы чыккан тушта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин басма сөз катчысынын милдетин аркалаган. Буга чейин тергөөдөн күбө катары өтүп келген.

Жолдубаева менен Карамушкина өздөрүнө коюлган айыптарды жалаа деп баалады. (ZKo)

XS
SM
MD
LG