Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Март, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:23

Путиндин атасынын сүрөтү храмга чөгөрүлөт


Владимир Путин.
Владимир Путин.

Орус президенти Владимир Путиндин атасынын сүрөтү Куралдуу күчтөрдүн башкы храмына колдонулат. Бул тууралуу «Открытые медиа» маалымат басылмасы кабарлады.

Басылманын маалыматына караганда президент Владимир Путиндин атасы, Экинчи дүйнөлүк согуштун катышуучусу Владимир Спиридонович Путиндин сүрөтү Коргоо министрлигинин сайтындагы «Эскерүү жолу» долбоорунда пайда болгон. Ал сайтта чиркөөнүн дубалдарына чегериле турган согуш катышуучуларынын сүрөттөрү жарыяланат. Ардагерлердин сүрөттөрү менен жасалгаланган «Эскерүү жолунун» узундугу 1418 кадам болмокчу. 1418 кадам - бул 5 жылга созулган согуш күндөрү.

Куралдуу күчтөрдүн башкы чиркөөсү дүйнөдөгү эң ири он чиркөөнүн катарына кирери айтылууда. Коргоо министри Сергей Шойгу ал курулуш ыктыярдуу демөөрчүлөрдүн эсебинен куруларын айтканы бар.

Демөөрчүлөрдүн арасында Британияда Сергей жана Юлия Скрипалдарды уулаган Руслан Бошировдун да аты бар. Чиркөөнүн курулушуна демөөрчүлөрдүн акчасын топтоп жаткан «Воскресение» фондунун маалыматына караганда, эмитен эле 3 миллиард рубль топтолгон. Коргоо министрлиги 25 миллион рублди чиркөөгө иконаларды сатып алууга жумшаганы турат. Коргоо министрлиги былтыр да храмдын эшиктерине 30 миллион короткон. Орусиянын Куралдуу күчтөрүнүн башкы чиркөөсү 2020-жылы жеңиштин 75 жылдыгына карата ачылары күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG