Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:01

Govori.tv сайты DDos чабуулуна туш болду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Govori.tv маалымат сайты 4-февралда DDos чабуулуна туш болгон. Сайттын жетекчиси Кайыргүл Урумканованын айтымында, түшкө чейин сайтка эч кандай маалымат жайгаштыра албай коюшкан. Адистер чабуул АКШ менен Орусиядан коюлуп жатканын аныкташкан.

«​Чабуул кечинде башталыптыр, эртең менен келип кабар коё албай койдук. Кийин сайт таптакыр жоголуп кетти. Адистерге кайрылсак чабуул болуп жатканын айтышты», - деди Урумканова.

Учурда сайт ачылып жатат. Редактор Кайыргүл Урумканова журналисттерди хакердик чабуулдар менен күрөшүүгө чакырды.

Бул Кыргызстанда маалымат сайттары DDos чабуулуна кабылган алгачкы учур эмес. Буга чейин бажы тармагындагы коррупция боюнча чуулгандуу иликтөөлөрдү көчүрүп жарыялаган бир нече сайтка чабуул коюлган. DDoS-чабуул - бул кайсы бир сайтты бузуш үчүн бир эле учурда бир канча жол менен серверге кирүүгө аракет кылуу.

XS
SM
MD
LG