Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:12

МКК: 2021-жылдан баштап биометрикалык паспорт бериле баштайт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда биометрикалык паспорт 2021-жылдан тартып бериле баштайт. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Алмаз Мамбетов «Азаттыктын» «Арай көз чарай» талкуусунда билдирди. Анын айтымында, паспорт даярдоо боюнча тендер чыры жөнгө салынууда.

«Тендердин чатак иши токтоду. Азыр жолдорун издеп жатабыз. Биздин план боюнча 2020-жылдын аягында же 2021-жылдын башында биометрикалык паспорттор бериле баштайт. Андан кийин паспортту өзүбүздө басып чыгаруу ишин баштайбыз», - деди ал.

Мамбетов 3-февралда АКШнын Кыргызстандагы элчиси Дональд Лу менен жолугуп, паспорт маселесин талкуулаган. Анда кыргыз тарап паспорт боюнча өзүнүн жүйөсүн түшүндүргөн.

Биометрикалык паспорт даярдоо боюнча 2018-жылы тендер өткөрүлгөн. Ал тендер чыр менен коштолуп, Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчилерине иш козголгон.

31-январда АКШда президент Трамптын администрациясы Кыргызстан, Мьянма, Эритрея, Нигерия, Судан жана Танзания мамлекеттеринин жарандарына иммиграциялык жана грин-карт визаларын алууга чектөө киргизди. АКШнын Кыргызстандагы элчиси Дональд Лу бул чечим коопсуздук маселелерине байланыштуу кабыл алынганын айткан.

XS
SM
MD
LG