Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:22

Парламент өкмөт мүчөлүгүнө жаңы талапкерлерди талкуулап жатат


Жогорку Кеңештин жыйындар залы. Архивдик сүрөт.
Жогорку Кеңештин жыйындар залы. Архивдик сүрөт.

Жогорку Кеңеш бүгүн өкмөт мүчөлүгүнө жаңы талапкерлерди талкуулап жатат. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өзгөчө кырдаалдар министринин кызматына Замирбек Аскаровдун, ал эми вице-премьер-министрликке Эркин Асрандиевдин талапкерлигин көрсөттү.

Өкмөт башчы жаңы орун басарына каржы-экономикалык маселелер толугу менен жүктөлө турганын айтты.

«Азыр чек ара жана ЕАЭБ маселелери абдан курч турат. Ошондон улам чек ара боюнча бардык маселелер Жеңиш Разаковго, ал эми экономикалык, анын ичинде ЕАЭБ боюнча маселелер Эркин Асрандиевге жүктөлөт. Кыргызстан бийик тоолуу жана сейсмикалык жактан кооптуу аймакта жайгашкандыктан өзгөчө кырдаалдар жаатында да чечиле турган маселелер арбын. Ал жерге да уюштуруу-чарбачылык тажрыйбасы бар Замирбек Аскаровдун талапкерлиги көрсөтүлүп жатат», - деди Абылгазиев.

Талкуунун жүрүшүндө депутат Дастан Бекешев «Чакан мамлекетке төрт вице-премьер ашыкча эмеспи?» деген суроо койду.

Депутат Карамат Орозова өкмөт чек арада түзүлгөн кырдаалга жакшы көңүл бурбай, күч органдары жарандарды уруп-согуп, айрымдарын камап жатканын айтты.

Өкмөт башчы чек арадагы чыр-чатактар сүйлөшүү жолу менен чечилерин белгиледи.

Мурдагы вице-премьер Замирбек Аскаров өз арызы менен кызматтан кеткени 3-февралда белгилүү болгон. Анын ордуна Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунун башчысы Эркин Асрандиевдин талапкерлиги көрсөтүлүүдө. (RK)

XS
SM
MD
LG