Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
дүйшөмбү, 24-февраль, 2020 Бишкек убактысы 20:36

Жалал-Абадда АФК кубогунун мелдеши болбой калды


Жалал-Абад шаарындагы Курманбек стадиону. 5-февраль, 2020-жыл

Азия футбол конфедерациясынын кубогунун алгачкы баскычынын оюндары болбой калды. Ал 5-февралда Жалал-Абад шаарындагы Курманбек стадионунда өтмөк. Анда түркмөнстандык «Ахал» клубу менен жергиликтүү «Нефтчи» командасы ойномок. Шаардык мэриянын маалымат борбору оюндун үзгүлтүккө учурашына «Ахал» командасынын оюнга катыша албай калгандыгы себеп болгонун билдирди.

«Ахал» клубу буга чейин Азия футбол конфедерациясына кат жазып, оюнду жылдырууну суранган. Муну ал Кытайда чыккан коронавирус коркунучуна байланыштырган. Конфедерация «Жалал-Абадда коронавирус коркунучу жок» деп, түркмөнстандык команданын өтүнүчүн четке каккан.

Саат 14:00кө белгиленген футболдук мелдешти көрүүгө стадионго барган күйөрмандар учурда таратылып жатат. АФК «Ахал» клубуна кандай чара көрөрү азырынча белгисиз.

Кочкор-Атанын «Нефтчи» командасы былтыр Кыргызстандын футбол боюнча кубогун утуп алган. (RsK)

Пикирлерди көрүңүз

XS
SM
MD
LG