Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:02

Өкмөт: мектептердин 99% Интернетке туташтырылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бүгүнкү күндө Кыргызстандын аймагында 2118 мамлекеттик жана муниципалдык мектептин 99% Интернетке туташтырылган. Бул тууралуу 5-февралда өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады. 2018-жылы бул көрсөткүч 67% болгон.

91 мектепке инновациялык деген макам берилген. Алардын 30у лабораториялык, мультимедиалык, кеңселик жана окуу жабдуулары, атайын эмерек менен жабдылган. 61и заманбап электрондук мектепке айланса, кошумча 540 мектеп Интернетти колдонуу үчүн ноутбук, роутер жана проекторлор менен жабдылган.

Өкмөт кийинки жылдары 7-9-класстын, андан кийин 10-11-класстын окуучуларын жаңы стандарттар боюнча окутууну пландоодо.

Мектепке Интернет жеткени менен аны максатка жараша колдонуу үчүн IT адистердин жок болуп жатканын, байланыш көбүнчө директордун жана катчынын иш бөлмөсүндө гана болорун катардагы ата-энелер менен окуучулар айтып келишет. (RK)

XS
SM
MD
LG