Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:58

Трамп элине кайрылды


Дональд Трамп.
Дональд Трамп.

Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп шейшембинин кечинде Конгресске барып, өлкөдөгү абал боюнча элине кайрылды. Ал «болгону үч жыл ичинде жасадык» деп, аткарылган иштери жөнүндө айтып берди.

Анда ал АКШ экономикасы болуп көрбөгөндөй ийгиликке жетишип, жумушсуздук акыркы жарым кылымдагы эң төмөнкү деңгээлге жеткенин белгиледи. Акыркы үч жылда 2,2 триллион доллар сарпталып, АКШнын Куралдуу күчтөрү дүйнөдөгү эң алдыңкы сапка чыкканын айтты. Ошондой эле иммиграция маселесине, өзгөчө Мексика аркылуу АКШга кирүүнү каалагандарга да токтолду.

«Мен бийликке келгенге чейин эгер сиз биздин түштүк чек арага мыйзамсыз келип, кармалчу болсоңуз сизди кайра эч качан көрбөш үчүн коё берип, өлкөбүзгө киргизишчү. Менин администрациям кармап, коё берүүгө чекит койду», - деди ал.

Кайрылуу учурунда Трамптын тарапташтары залда «дагы төрт жыл» деп кыйкырып турушту.

Кошмо Штаттарда 2020-жылы ноябрда президенттик шайлоо өтөт. Ушул тапта оппозициядагы Демократиялык партия Дональд Трампка импичмент жарыялоого далалаттанууда. Демократтар басымдуулук кылган Өкүлдөр Палатасы импичментти колдогон. Сенат 5-февралда добуш бериши керек.

XS
SM
MD
LG