Москванын Батыш административдик округунун прокуратурасы негизсиз кылмыш жообуна тартканы үчүн журналист Иван Голуновдон кечирим сурады.
Бул тууралуу Башкы прокуратурага таянып «Интерфакс» маалымат агенттиги кабарлады.
Ошол эле маалда Голунов өзү андан кабардар эмес экенин билдирди.
«Медуза» басылмасынын иликтөөчү журналисти Иван Голунов 6-июнда баңгизат соодасына байланышы бар деген шек менен кармалган. Адвокаты анын чөнтөгүнө жана батирине баңгизат атайын ташталганын билдирген.
Журналисттин куугунтукка алынышына байланыштуу Орусиянын бир нече шаарларында жапырт нааразылык акциялары өткөн. Ошондон соң Голунов бошотулуп, ага карата козголгон кылмыш иши токтотулган.
Бул ишке байланыштуу Орусиянын президенти Владимир Путин полициянын эки генералын кызматтан алган. Андан тышкары Голуновду кармаган беш полиция кызматкери жумуштан айдалып, өткөн жумада кармалып, камакка алынган.
Көмүскө бизнес менен коррупцияны иликтеп келген Голунов өзүнө каршы чагым уюштурууга Федералдык коопсуздук кызматынын катышы бар деп эсептеп, тапшырма бергендердин жазаланышын талап кылып келет.