Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:21

Жогорку Кеңеш өкмөт мүчөлүгүнө эки талапкерди жактырды


Эркин Асрандиев жана Замир Аскаров.
Эркин Асрандиев жана Замир Аскаров.

Жогорку Кеңеш вице-премьер-министрликке Эркин Асрандиевдин жана өзгөчө кырдаалдар министрлигине Замирбек Аскаровдун талапкерлигин жактырды.

Аларды тааныштырып жатып өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев экономикалык, анын ичинде ЕАЭБ боюнча маселелер Асрандиевге жүктөлөрүн, ал эми Аскаровдун өзгөчө кырдаалдар жаатында көйгөйлүү маселелерди чечүүдө уюштуруу-чарбалык тажрыйбасы бар экенин белгиледи.

«КР Өкмөтү жөнүндө» мыйзамдын жоболоруна ылайык, өкмөт мүчөсү парламентте ант бергенден кийин өз ыйгарым укуктарын расмий түрдө аткарууга киришет. Ага чейин президенттин жарлыгы чыгышы керек.

Аскаров буга чейин вице-премьерлик кызматты ээлеп турган, Асрандиев Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондун жетектеп келди. (RK)

XS
SM
MD
LG