Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Декабрь, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:56

Отунбаев АКШ президентинин жардамчысынын орун басары менен виза маселесин талкуулады


4-февралда Кыргызстандын АКШдагы элчиси Болот Отунбаев АКШ президентинин жардамчысынын орун басары, улуттук коопсуздук кеңешинин түштүк жана Борбор Азия боюнча жетекчиси Лиза Кертис менен жолушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги маалымдады.

Тышкы саясат мекемесинин кабарлашынча, Лиза Кертис АКШнын иммиграциялык визалар берүүсүн чектеген өлкөлөрдүн катарынан Кыргызстанды чыгаруу боюнча бирге ишти алып барууга даярдыгын билдирген. Тараптар маселени чечүү жолдорун талкуулашты.

31-январда АКШда президент Трамптын администрациясы Кыргызстан, Мьянма, Эритрея, Нигерия, Судан жана Танзания мамлекеттеринин жарандарына иммиграциялык жана грин-карта менен виза алууга чектөө киргизген. (TSh)

Пикирлерди көрүңүз (5)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG