Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Декабрь, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 18:32

Дональд Лу: АКШнын элчилигине белгисиз жүк келди деген чындыкка дал келбейт


Дональд Лу.

5-февралда «Азаттыктагы» маегинде АКШнын Кыргызстандагы элчиси Дональд Лу АКШнын элчилигине белгисиз жүк келди деген сөздөрдү жалган маалымат деп билдирди. Дональд Лу “бул маалымат Москванын тролдору таратылган жалган маалымат” – деди.

Мен азыр баса белгилеп айткым келет, бул маалымат Москванын тролдору тарабынан таратылган жалган маалымат. Биз чындап эле аэропорттон тынымсыз ар кандай жүктөрдү алып турабыз. Аны танып кереги жок. Биз ичинде акча катылган баштыктарды албайбыз. Андай болсо мен кабардар болот элем го. Эгер бизге накталай акча керек болсо, биз силерде эле банкка барып алабыз. Бирок мен кыргыз жарандары чын жана жалган маалыматты айырмалап билет деп ишенем. Бул маалымат толугу менен жалган жана чындыкка эч дал келбейт», - деди элчи.

Буга чейин айрым жергиликтүү сайттар "АКШнын Кыргызстандагы элчилиги Бишкекке дипломатиялык жүк катары накталай акча алып келди" деп жазып чыгышкан. Бирок муну расмий органдар тастыктаган эмес.

Пикирлерди көрүңүз (4)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG