Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:11

Иран палестиндерди АКШга каршы жихадга үндөдү


Аятолла Али Хаменеи.
Аятолла Али Хаменеи.

Иран палестиналык куралдуу күчтөргө мүмкүн болгон жардамды көрсөтөрүн өлкөнүн жогорку лидери аятолла Али Хаменеи шаршембиде билдирди. Ал Израил менен Палестинанын ортосунда тынчтык орнотуу үчүн Кошмо Штаттар сунуштап жаткан планды четке кагууга чакырды.

«Палестиналык куралдуу уюмдар каршылыкты улантарына ишенебиз. Ошондой эле Иран палестиналыктарды колдоону өз милдети катары көрөт» деп айтылат Хаменеинин расмий сайтына жарыяланган билдирүүдө.

Өткөн айда АКШнын президенти Дональд Трамп Жакынкы Чыгыш боюнча тынчтык планын жарыялаган. Ал планга ылайык, Иордан дарыясынын батыш жээгиндеги аймактар, анын ичинде Йерусалим шаары бөлүнбөй туруп Израилдин көзөмөлүнө өтүшү керектиги камтылган. Трамп ушундай болгондо израилдиктер да, палестиндер да азыркы турак жайларынан сүрүлбөй турганын белгилөөдө.

Палестинанын лидерлери бул планды кескин четке кагышкан.

Хаменеи палестиналыктар жихад жолу менен израилдиктерди жана америкалыктарды сүрүп чыгарып, планга каршы турушу керек деп жатат.

Палестина автономиясы Иерусалимдин чыгышын болочок борбору катары санап, аны 1967-жылы Израил өзүнө каратып алган деп эсептейт. Жер талашы ондогон жылдарга созулуп, адам өмүрүн алган куралдуу жаңжалдар да болуп келет.

Ал эми Вашингтон менен Тегерандын ортосундагы абал акыркы жылдары кескин курчуп, өзгөчө январда америкалыктар Ирандын бирден бир таасирдүү генералын атып өлтүргөндөн кийин согуш чыгып кете турган кырдаалга жеткен.

XS
SM
MD
LG