Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:28

Аскар Акаевдин уулу жана иниси удаа каза болду


Айдар Акаев. Архивдик сүрөт.
Айдар Акаев. Архивдик сүрөт.

Кыргызстандын туңгуч президенти Аскар Акаевдин уулу жана иниси удаа каза болду. Бул кабарды «Азаттык» радиосуна жеке булактар тастыктады.

Уулу Айдар Акаев 5-февралда түштөн кийин Москвада көз жумду. Айрым маалыматтарга караганда, анын жүрөгү токтоп калган. «Аны ошол жакта эле коюшат окшойт» деп билдирди Акаевдин жакын адамдарынын бири.

5-февралда Аскар Акаевдин улуу агасы Чилтен Акаевдин уулу, жүрөгү кармап каза болгон Кубан Акаев Кеминде жерге берилгени да маалым болду.

Айдар Акаев 43 жашта болчу. Артында эки уул, бир кызы калды. 2005-жылы Жогорку Кеңештин депутаты болгон. Ошол эле жылы бийлик алмашканда үй-бүлөсү менен кошо Кыргызстандан чыгып кеткен. (RK)

XS
SM
MD
LG