Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
ишемби, 22-февраль, 2020 Бишкек убактысы 20:12

Балбай-Каракол автоунаа жолу реконструкцияланат


Иллюстрациялык сүрөт.

Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү менен Балбай-Каракол автоунаа жолун реконструкциялоо боюнча Европа реконструкциялык өнүктүрүү банкынын өкүлдөрүнүн ортосунда сүйлөшүү жүрдү. 6-февралда өткөн бул жолугушууда тараптар Ысык-Көл айлампа автожолунун 185-227 чакырылышындагы курулуш иштерин каржылоо боюнча макулдашууга жетишти.

Өкмөттүн облустагы өкүлү Акылбек Осмоналиев туризмдин өнүгүшүнө инфратүзүм маселесинин чечилиши маанилүү экенин билдирди:

"Балбай айылынан Каракол шаарына чейинки 32 чакырым жолду реконструкциялоого Европа реконструкциялык өнүктүрүү банкынын каржылоосуна сүйлөшүү жүргүзүүдөбүз. Жогорку Кеңештин ратификациясынан өткөн, Дүйнөлүк банк каржылап жаткан эл аралык маанидеги Түп-Кеген жолунун калган 37 чакырым оңдолуп ишке берилсе, анда келечектеги туристтердин келишине шарт түзүлүп, инфратүзүмдүк чоң жумуш аткарылмак».

2019-жылы Корумдудан Балбай айылына чейинки жолду оңдоого Бириккен Араб Эмираттарынан инвестиция тартылып, долбоор өкмөттүн инвестициялык кеңешинин чечимине кирип, Жогорку Кеңештин кароосунан өткөнү турат.

Балбай-Каракол автожолун реконструкциялоо боюнча эки тараптуу келишим түзүлсө, долбоор Жогорку Кеңештин ратификациясынан өтөрүн Транспорт жана жолдор министрлигинин Ысык-Көл облусундагы жол тейлөө башкармалыгын башчысы Кудайкул Күчүков да ырастады. (KS)

Пикирлерди көрүңүз (1)

XS
SM
MD
LG