Чүйдө окуучуну тепкени видеого тартылып, Интернетке тараган мугалим жазага тартылды. Бул тууралуу «Азаттыкка» Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз катчысы Акылбек Орозматов билдирди.
Анын айтымында, окуянын чоо-жайын териштириш үчүн Жайыл райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Талантбек Арыков бүгүн, 6-февралда Кара-Балта шаарынын №2 мектебинде ата-энелердин катышуусу менен чогулуш өткөрдү.
- Жыйын учурунда бул мугалим күнөөсүн мойнуна алып, ата-энелерден кечирим сурады. Ата-энелер ага карата дооматы жок экенин билдиришти. Бирок педагогикалык этиканын нормаларын бузгандыгы үчүн мугалимге сөгүш берилди, - деди Орозматов.
Кара-Балта шаарындагы №2 орто мектептеги дене тарбия мугалиминин сабак учурунда эки окуучуну тепкен видеосу 5-февралда Интернетке жарыяланып, кызуу талкуу жаратууда. (RK)