Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:42

Эки жылда Кыргызстанда ВИЧ жуктургандар дээрлик эки миңге көбөйдү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда ВИЧ инфекциясын жуктургандар соңку эки жылда 1876 адамга көбөйдү.

Бүгүн өкмөт акыркы маалыматтарды жарыялап, 2020-жылдын 1-январына карата өлкөдө ВИЧ жуктурган 9680 адам расмий каттоодо турарын билдирди. Алардын 680и 14 жашка чейинки балдар, 532си чет элдиктер.

Эки жыл мурда, 2017-жылы ВИЧ жуктургандардын саны 7804 экени айтылган.

6-февралда вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова Бириккен Улуттар Уюмунун ВИЧ/СПИД боюнча программасынын (ЮНЭЙДС) атайын кеңешчиси Мишель Казачкин менен жолукту.

Жолугушууда 2021-жылга карата кыргыз өкмөтү ВИЧ инфекциясын жуктуруп алуу учурларын 50% кыскартуу максатын коюп жатканы белгилүү болду.

Өмүрбекова Кыргызстанда ВИЧке каршы 2017-2021-жылдарга карата программа иштеп, бул илдетке чалдыккандарды аныктоо, жардам берүү ишин жакшыртуу аракети көрүлүп жатканын айтты.

Бил илдет алгач аныкталган 1996-жылдан бери Кыргызстанда андан 2049 адам каза болду. (RK)

XS
SM
MD
LG