Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:24

Коронавирустан көз жумгандар 563 кишиге жетти


Кытайдын Ухань шаарындагы бейтапкана. 6-февраль, 2020-жыл.
Кытайдын Ухань шаарындагы бейтапкана. 6-февраль, 2020-жыл.

6-февралга карата Кытайда коронавирустан көз жумгандардын саны 563 кишиге жетти. 28 миңден ашуун киши ооруну жугузуп алганы ырасталганын Кытайдын Саламаттык сактоо комиссиясы билдирди. Баш-аягы 1200дөй киши илдеттен айыкты.

Ал ортодо Жапониянын Йокохама портунда турган круиздик кемеде дагы 10 кишиде жаңы коронавирус аныкталды. 170тен ашуун туристтин анализдери чыга элек. Кемеде бир нече өлкөнүн жарандары, бардыгы болуп 3 700 киши бар.

Шаршембиде вируска чалдыккан 10 киши карантинге алынган. Гонконгдун жанында токтоп турган дагы бир саякат кемесиндеги адамдар да текшерүүдөн өтүп жатышат. Бейшембиде эпидемиянын очогу Ухань шаарынын бийлиги ооруканаларда бардык бейтаптар үчүн орун жетпей жатканын, медициналык жабдыктар тартыш болуп турганын эскертти. Анын алдында шаарда коронавирусту жугузуп алгандар үчүн атайлап эки оорукана курулган.

Эпидемия былтыр декабарда башталган. Адамдан адамга жуккан вирус көп учурда өпкөнүн сезгенүүсүнө алып келет. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму илдетке байланыштуу глобалдык алкактагы чукул кырдаал жарыялаган.

XS
SM
MD
LG