Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:43

Абактагы тажик адвокаты «Homo Homini» сыйлыгына татыды


Адвокат Бузургмехр Ёров.
Адвокат Бузургмехр Ёров.

Тажикстанда абактагы белгилүү адвокат Бузургмехр Ёров адам укуктарын сотто коргоодо көрсөткөн эр жүрөктүүлүгү үчүн «People in need» уюмунун «Homo Homini» сыйлыгына татыды.

Эл аралык укук коргоо уюмунун бул сыйлыгы жыл сайын адам укуктарын коргоого жана демократиялык принциптерди алдыга жылдырууга салым кошкон активисттерге ыйгарылып турат.

«Ёров көп жылдар бою Тажикстанда адам укуктары үчүн күрөштү, бийликтен катуу куугунтук көрдү. Ал саясий себептер менен айыпталгандардын укуктарын башка адвокаттар коргоодон баш тарткан учурда бул ишти өз мойнуна алды. Натыйжада бул белгилүү адвокат өз мүлкүнөн, эң башкысы – эркиндигинен ажырады», – деп айтылат «People in need» уюмунун 5-февралда жарыялаган билдирүүсүндө.

Бузургмехр Ёров Тажикстанда тыюу салынган «Ислам кайра жаралуу партиясынын» соттолуп жаткан мүчөлөрүнүн укуктарын коргой баштагандан кийин 2015-жылы сентябрда кармалган. 2017-жылы ал 28 жылга эркинен ажыратылган. Ёровго «көз боёмочулук», «документтерди мыйзамсыз жасоо» жана «президентке акаарат келтирүү» деген сыяктуу бир нече айып коюлган.

2019-жылы Тажикстанда Конституциясынын 25 жылдыгына арналган мунапыс менен Бузургмехр Ёровдун түрмөдөгү жаза мөөнөтү 6 жылга кыскартылган. Былтыр сентябрда Бузургмехр Ёров Европа Кеңешинин Вацлав Гавел атындагы сыйлыгына көрсөтүлүп, диплом менен сыйланган.

XS
SM
MD
LG