Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
жума, 28-февраль, 2020 Бишкек убактысы 22:44

Мирзиёевдин жубайы менен кыздарынын аты үч эмге берилди


Үч эм төрөлгөн үй-бүлөгө жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жардам көрсөтүштү.

Өзбекстандын Наманган облусунун тургундары январда төрөлгөн үч эм кыздарына президент Шавкат Мирзиёевдин жубайы менен кыздарынын урматына Зироатхон, Саида жана Шахноза деп ат коюшту. Чартак районунда жашаган Ахмаджон Кадыров менен Одинахон Алтимешованын үч эм төрөлгөнгө чейин дагы үч кызы бар болчу.

Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү бул үй-бүлөгө коляскаларды жана башка жаңы төрөлгөн ымыркайлар үчүн керектүү буюм-тайымдарды тапшырышты.

Соңку жылдары Өзбекстанда эгиз же үч эм төрөлгөн балдарга президенттин же анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн атын ыйгарган учурлар көп кездешүүдө.

2017-жылы Хорезм облусунда төрөлгөн үч эмге президенттин өзүнүн, атасынын жана чоң атасынын атынан Шавкат, Миромон, Мирзиё аттуу ысымдар ыйгарылган.

Пикирлерди көрүңүз (2)

XS
SM
MD
LG