Кыргызстан Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу боюнча кезектеги сүйлөшүүлөрдү жыйынтыктап калды. Бул тууралуу 6-февралда парламентте депутаттарга маалымат берип жатып «Улуттук энергохолдинг» компаниясынын жетекчиси Айтмамат Назаров билдирди:
«Камбар-Ата-1 боюнча азыр сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Биз да бир чечимге келейин деп калдык. Жакын арада билдирүү жасайбыз».
Назаров сүйлөшүү кайсы өлкө менен жүрүп жатканын тактап айткан жок, болгону долбоор боюнча иш быйыл башталарын кошумчалады.
Нарын дарыясына курулчу Камбар-Ата-1 ГЭСинин долбоору 1980-жылдардын аягында даярдалган. Анын кубаттуулугу 1 860 мегаватт болот деп эсептелген.
Эгемендик алгандан бери өлкө Камбар-Ата-1 жана Жогорку Нарын каскадындагы төрт ГЭСти куруу ниетин билдирип келет. Долбоорду Орусиянын «РусГидро» компаниясы менен ишке ашыруу аракетинен майнап чыккан жок.
2017-жылы Камбар-Ата-1 ГЭСин Өзбекстан менен чогуу салуу боюнча иш тобу түзүлгөн. (RK)