Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Март, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:41

Иерусалимде автоунаа израилдик аскерлерди тебелетип кетти

Иерусалимдин окуя болгон району. 6-февраль, 2020-жыл.
Иерусалимдин окуя болгон району. 6-февраль, 2020-жыл.

Иерусалим шаарынын борбордук бөлүгүндө белгисиз киши машинеси менен израилдик аскерлерди барып сүзүп, андан кеминде 14 киши жарадар болду. Израилдин бийлиги бейшембинин таңында болгон бул окуяны теракт катары иликтеп жатат. Жабыркагандардын 12си армиянын жоокерлери экени маалымдалды. 

Анын алдында Иордан дарыясынын батыш жээгинде палестиналык 19 жаштагы жигит жөөт аскерлери менен кагылышта мүрт кеткен. 

Бул окуяларды улай Израилдин коопсуздук күчтөрү Палестин автономиясына караштуу Бейт-Жала шаарчасында рейд жүргүзүп, палестиндердин үйлөрүн, дүкөндөрүн тинтишти. 

Күбөлөрдүн айтымында, аскерлер көзөмөл камераларын жана бир машинени алып кетишти. 

Өткөн аптада АКШнын президенти Дональд Трамп Жакынкы Чыгыш боюнча тынчтык планын жарыялап, аны «Кылым келишими» деп атаган. Израилге артыкчылык берилген бул долбоорду палестиналыктар четке кагышты.

XS
SM
MD
LG