Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:31

АКШ Борбор Азия өлкөлөрүнүн эгемендигин бекемдөөгө көмөктөшөт


АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео Борбор Азиянын беш өлкөсүнүн тышкы иштер министрлери менен Ташкентте. 3-февраль, 2020-жыл.
АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео Борбор Азиянын беш өлкөсүнүн тышкы иштер министрлери менен Ташкентте. 3-февраль, 2020-жыл.

АКШнын 2019-2025-жылдарга карата Борбор Азия боюнча стратегиясы «Эгемендикти бекемдөө жана экономикалык өнүгүү» деген аталыш менен 5-февралда жарыяланды. Стратегия Борбор Азия мамлекеттеринин эгемендигин жана өз алдынчалыгын бекемдөөгө, жалпы эле аймакка көмөктөшүүгө, экономикалык, энергетикалык, коопсуздук тармактарында жана мамлекеттик башкарууда кызматташууга багытталган.

АКШнын мамлекеттик катчысынын Түштүк жана Борбор Азия боюнча жардамчысы Элис Уэллс Кошмо Штаттар аймактык стратегияны соңку беш жылдагы өзгөрүүлөрдү эске алуу менен жаңылаганын билдирди.

Мамлекеттик катчы Майк Помпео менен Борбор Азияга барып келген Уэллс «биз жаңы мүмкүнчүлүктөрдүн дооруна кирдик» деди.

Жаңы стратегиянын негизги багыттары:

Борбор Азияда террор коркунучун азайтуу. Аймактын өлкөлөрү экстремисттик идеологияга каршы туруп, террористтик уюмдарга түнөк бербейт. Буга чейин Кошмо Штаттар Борбор Азиядагы чек ара коопсуздугуна 90 миллион доллар бөлүп, бул багытта 200дөй түрдүү окутуу өткөрүп, 2600 чек ара кызматкерлерин машыктырды.

Ооганстанда туруктуулукту камсыз кылуу аракеттерин кеңейтүү. Кошмо Штаттар Борбор Азия мамлекеттерин Ооганстан менен экономикалык жана соода-сатык байланыштарын өркүндөтүүгө үндөйт.

Борбор Азия менен Ооганстандын байланышын күчөтүү. Беш өлкө Ооганстан менен энергетика, экономика, маданият, соода жана коопсуздук багыттарында алака-катышын күчөтсө аймактык коопсуздукту бекемдейт. CASA-1000 долбоору Борбор Азия өлкөлөрүндө өндүрүлгөн электр энергиясын Ооганстан менен Пакистанга сатууга өбөлгө түзмөкчү.

Укуктук реформаларды ишке ашыруу жана адам укуктарын урматтоо. Кошмо Штаттар укук коргоо тармагын реформалоодо техникалык экспертиза жагынан көмөктөшөт. Бул адам укуктарын коргоого, инвестициялык климатты жакшыртууга жана кесипкөй адистерди кармап калууга өбөлгө түзөт.

Кошмо Штаттардын инвестициясын Борбор Азияны өнүктүрүүгө тартуу. АКШ аймактын мамлекеттери менен сырттан бараандуу инвестиция алуу, анын ичинде америкалык бизнести тартуу үчүн реформаларды жүргүзүүнүн үстүндө иштешет. Кошмо Штаттар өсүп келаткан муунду XXI кылымдын экономикалык талаптарына ылайык зарыл болгон техникалык жана менежерлик билим алууга, англис тилинде сүйлөп, сынчыл ойлонууга тарбиялоого көмөктөшөт.

XS
SM
MD
LG