Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:10

Кыргызстан Түркиядан кыргыз-түрк ооруканасы боюнча ратификацияны тездетүүнү суранды


6-февралда Баку шаарында Кыргызстандын жана Түркиянын тышкы иштер министрлери Чыңгыз Айдарбеков менен Мевлүт Чавушоглу жолугушуп, эки тараптуу кызматташтыкты талкуулашты. Жолугушуу Түрк кеңешиндеги Тышкы иштер министрлер кеңешинин кезексиз жыйынынын алкагында өттү. Анда министр Айдарбеков Бишкектеги «Кыргыз-түрк достук ооруканасын» иштетүү тууралуу макулдашуунун Түркия парламенти тарабынан тезирээк ратификацияланышы маанилүү экенин белгиледи. Эки министр ошондой эле кыргыз-түрк бизнес-форумун Кыргызстанда өткөрүү тууралуу да сүйлөштү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги маалымдады.

Буга чейин Бишкек шаарында курулган «Кыргыз-түрк достук ооруканасын» Кыргызстан менен Түркия үч жыл чогуу башкара турганы айтылган. Оорукананын курулушу 2016-жылдын июнь айында башталган. Ал 2017-жылы ишке кирмек, бирок ушул күнгө чейин ачылбай турат. (TSh)

XS
SM
MD
LG