Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:15

Кыргызстанда 90 ооганстандык, 79 сириялык качкын макамын алган  


2020-жылдын 1-январына карата 206 киши Кыргызстанда качкын макамын алган. Бул тууралуу 6-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында Мамлекеттик миграция кызматынын башчысы Болотбек Ибраимжанов маалымдады.

Анын маалыматына караганда, Ооганстандын 90, Сириянын 79, Украинанын 23, Ирактын 6, Тажикстандын 4, Ирандын 2, Эфиопиянын 1, Марокконун 1 жараны качкын макамын алган. Алардын көпчүлүгү өз өлкөсүндө согуш болуп жаткандыктан качып келгендер жана чет элдик кыргыздар, ал эми Эфиопиянын жараны диний себептерден улам келген.

Кыргызстан Бириккен Улуттар Уюмунун Качкындардын статусу жөнүндө конвенциясына 1996-жылдын 8-октябрында кол койгон. (TSh)

XS
SM
MD
LG