Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:25

Болгонбаев: КТРК менен коомчулуктун байланышын бекемдейм


Коомдук телерадиокорпорациянын (КТРК) байкоочу кеңешинин башчылыгына төкмө акын Азамат Болгонбаев шайланды. Анын талапкерлигин байкоочу кеңештин 14 мүчөсү бир добуштан колдоду. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна Болгонбаев өзү тастыктады. Жаңы шайланган жетекчи алдыдагы негизги максатын айтты.

- Мыйзамда дагы жазылгандай байкоочу кеңештин негизги милдети КТРК менен коомчулуктун ортосундагы байланышты күчөтүү. Акыйкат жана калыс иш алып барууга аракет кылам, - деди Болгонбаев.

2019-жылы ноябрь айында коомдук ишмер Жыпар Жекшеев КТРКнын байкоочу кеңешинин төрагалыгынан жана мүчөлүгүнөн өз арызы менен кеткен. Ал каналды "коомдук кыла албай койгонун, буга мыйзамдык карама-каршылыктар да тоскоол болгонун" билдирген. Учурда КТРКнын байкоочу кеңешинин 14 мүчөсү бар. Алардын бешөөнү президент, бешөөнү парламент жана калган беш мүчөсүн жарандык коом сунуш кылган талапкерлердин арасынан парламент тандап алат. (TSh)

XS
SM
MD
LG