Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:11

Жээнбеков: тышкы карыз үчүн эч кандай жер, кен байлыктары берилбейт


Сооронбай Жээнбеков.
Сооронбай Жээнбеков.

Президент Сооронбай Жээнбеков 6-февралда Чүй облусунун Ысык-Ата районунун жашоочулары менен болгон жолугушууда тышкы карызды төлөө боюнча пикирин билдирди. Президенттин айтымында, Финансы министрлигинде сырттан алынган насыяларды төлөө боюнча атайын башкармалык түзүлүп, иштеп жатат.

«Буга чейин алынган карызды төлөшүбүз керек. Милдеттенмелерибиз бар. Анын баарын төлөйбүз. Эч кандай жер, кен байлыктары берилген жок жана берилбейт», - деди Жээнбеков.

Мамлекет башчынын маалыматында, алдыдагы 10 жылда тышкы карызды төлөөгө жылына 23 млрд. сомдон (335 млн. доллар) ашык каражат жумшалат.

Финансы министрлигинин маалыматы боюнча, 2019-жылы Кыргызстандын мамлекеттик карызын тейлөөгө бюджеттен 28 млрд. 122 млн. сом жумшалды. Анын ичинен 14 млрд. сом тышкы карызды, 14 млрд. 112 млн. сом ички карызды төлөөгө сарпталды.

Министрликтин расмий сайтына жарыяланган маалыматка караганда, өткөн жылдын 30-ноябрына карата мамлекеттин жалпы карызы 4 млрд. 503 млн. долларды түздү. Анын ичинен 3 млрд. 781 млн. доллары тышкы, ал эми 722 млн. доллары ички карыз.

Сырттан алынган карыздын эң көбү Кытайдын Экспорттук-импорттук банкына («Эксимбанк») туура келет. 2019-жылдын октябрь айына карата Кыргызстан Кытайдын «Эксимбанкына» 1,7 млрд. доллар карыз. (TSh)

XS
SM
MD
LG