Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
жума, 28-февраль, 2020 Бишкек убактысы 22:11

Кулматов менен Ибраимовдун сотуна жабыркаган тарап келбей койду


Кубанычбек Кулматов жана Албек Ибраимов. Коллаж.

Бишкектин мурдагы мэрлери Албек Ибраимов менен Кубанычбек Кулматовдун сотуна алардан жабыркады деген тараптын өкүлдөрү келген жок. Ошол себептен шаардык соттогу алгачкы отурум кийинки жума, 14-февралга которулду. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна адвокат Сергей Слесарев билдирди.

Анын айтымында, мурдагы мэрлерге карата козголгон кылмыш иши боюнча жабыркаган тарап деп бир нече мекеме өтүүдө:

- Билим берүү жана илим министрлиги, Бишкек мэриясы, “Дастан” ишканасы жана Мамлекеттик мүлк фонду.

2019-жылдын 23-декабрында Бишкектин Ленин райондук соту Ибраимовду 15 жылга кесип, Кулматовду 5 миллион сом айып пул төлөөгө милдеттендирип, абактан үй камагына бошоткон.

Алар «Бишкектин четиндеги Калыс-Ордо конушунда мектепти курууга кеткен эки миллион долларды пайдаланууда жемкорлукка барган» деп айыпталган.

Экөө тең 2018-жылдын жайынан бери Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында отурган. Алар күнөөсү жок экенин, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге жакын мамиледе болгону үчүн саясий куугунтукка кабылганын айтып жүрүшөт.

Өкүмгө нааразы эки тарап тең шаардык сотко апелляциялык арыз жазган. (RK)

Пикирлерди көрүңүз (11)

XS
SM
MD
LG