Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:49

Күйөөсү өрт койгон келин аны кечирген арызынан кайра баш тартууда


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ысык-Көл облусунда күйөөсү өрт коюп, жабыркаган келин Сатина Бабаканова аны кечирген тосмо арызынан кайра баш тартып жатат. Бул тууралуу «Азаттык» радиосуна Бабаканованын жактоочусу Назира Абдумуминова билдирди.

Адвокаттын айтымында, тосмо арыз жазылганы анык, бирок андай кадамга барууга ар кандай кысым көрсөтүү, коркутуп-үркүтүү түрткү болгон.

«Түрдүү телефон номерлерден чалып, өлтүрүп кетүү, ден соолугуна зыян келтирүү жөнүндө опузалар болгон экен. Бирок ал өз арызынан баш тартып жатат, «колдобойм, мыйзам чегинде жоопко тартылсын» деп. Арызды Сатинанын атасы жазган экен», - деди жактоочу Назира Абдумуминова.

Адвокат Сатинага укуктук жактан бардык жардам көрсөтүлөрүн, анын абалы жакшы экенин кошумчалады.

Бензинге күйгөн Сатина күйөөсүн кечирип, милицияга тосмо арыз жазганын буга чейин Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов айткан.

«Январь айынын этегинде 33 жаштагы Сатина Бабаканова күйөөсү Н.Ч.га карата нааразылыгы жок экенин билдирип, тосмо арыз жазды. Анын айтымында, күйөөсү менен мындан ары үй-бүлөнү бузбай, чогуу жашоону уланткысы келет. Бирок аталган факт Каракол ШИИБдин КЖБРде катталып, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 39-130 беренесинин 2-бөлүгүнүн 4-пунктунун («Бейбаштык максатта киши өлтүрүүгө аракет кылуу») негизинде сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Бардык тергөө иштери жыйынтыкталган соң иш сотко өткөрүлүп берилет», - деди Сталбек Усубакунов.

Окуя 4-январь күнү Каракол шаарындагы борбордук базарлардын биринде болгон. Анда күйөөсү Сатинага бензин куюп, аны кызганычтан улам өрттөп жибергени айтылган. Шектүү Н. Ч. эки айга камакка алынган. (KS)

XS
SM
MD
LG