Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
дүйшөмбү, 24-февраль, 2020 Бишкек убактысы 02:03

Венгрия Сербия менен чек арасын кайра ачты


Венгрия менен Сербиянын чек арасындагы өткөрмө бекет, 6-февраль 2020-жыл.

Венгрия Сербия менен чек арасындагы бир күн мурда жабылган өткөрмө бекетти кайра ачты. Бул маалыматты мажар полициясы 7-февралда ырастады. Өткөрмө бекет 6-февралда Сербия аркылуу келе жаткан качкындарды жана мигранттарды Венгрияга коё бербөө үчүн жабылган.

Ал күнү 200гө чукул мигрант бала-чакасы менен чек арага топтолуп, бекетти ачууну өтүнүшкөн. Алар "Биз качкынбыз, кылмышкер эмеспиз", "Биз ачарчылыктан эмес, согуштан качып келатабыз" деген сыяктуу жазуулар жазылган плакаттарды көтөрүп турушту.


2015-2016-жылдары Европага кирген миллионго чукул мигранттын жүз миңдегени Балкан мамлекеттери аркылуу өткөн. Венгриянын бийлиги качкындар менен мигранттардын өз аймагына өтүшүн алдын алуу максатында чек арага кабаттап зым тартып койгон. Мигранттардын көбү учурда согуш жүрүп жаткан Жакынкы Чыгыш жана Түндүк Африкадагы мамлекеттердин жарандары.

Пикирлерди көрүңүз (1)

XS
SM
MD
LG